Site icon Reporter.kg

Кувейт-Ош-Кувейт багытында жаңы аба каттам ачылат

Ушул жылдын 25-октябрынан тарта Кувейт-Ош-Кувейт багыты боюнча үзгүлтүксүз жаңы каттам ачылат.

«Манас” эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирдгендей, аны Jazeera Airways авиакомпаниясы ишке ашырат.

Жаңы ачыла турган каттам аркылуу учактар аптасына эки жолу шейшенби жана жекшенби күндөрү учуп турат.

Exit mobile version