Site icon Reporter.kg

Караколдо күйөөсү кордогон Айзат дарыланууга муктаж

Каракол шаарында күйөөсү ур-токмокко алган Айзат Үсөнбаева тиешелүү деңгээлде дарылана албай жатат. Бул тууралуу жактоочу Камиль Рузиев  Twitter′деги баракчасына жазды.

Анын айтымында, учурда Айзат Ысык-Көл облустук ооруканасында.

Айзат башынын катуу ооруп жаткандыгын айтты, ал компьютердик томографиядан өтүүгө муктаж. Бирок, ал облуста жок. Аны неврология бөлүмүнө которуудан баш тартышты”, — деп жазган ал.

Буга чейин маалымдалгандай, 14-майда күйөөсүнөн жабыркаган 38 жаштагы келин оор абалда ооруканага жаткырылган.

Териштирүү иштеринде аялды 29 жаштагы күйөөсү кызганычтан улам сабаганы маалым болгон. Жабырлануучуга коргоо ордери берилип, күйөөсүнө карата 138-берене (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш-иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.

Кийинчерээк Айзат Үсөнбаеванын сабалышы тууралуу укук коргоочу, активист Камиль Рузиев кабарлаган соң, акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү жабырлануучу менен жолуккан. 

Exit mobile version