Site icon Reporter.kg

Видео: Күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусу карама-каршы тилке менен жүргөнү үчүн айыпка жыгылды

Ысык-Көлдө күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусу айыпка жыгылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Алар белгилегендей, социалдык тармактарга күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып, одоно эреже бузгандыгы тууралуу видео тараган.
Бул факт боюнча Ысык-Көл облусунун жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери айдоочуну таап, ага 15 миң сом айып салышкан.

Exit mobile version