Site icon Reporter.kg

Күйүүчү майдын баасы турукташы мүмкүн

220 миң тонна күйүүчү майды Орусиядан бажы алымысыз алып келип, бааны турукташтырууга аракет көрөбүз. Бул туурасында министрлер кабинетинин милдетин аткаруучусу Акылбек Жапаров депутаттардын суроосуна жооп берип жатып парламентте билдирди.

Анын айтымында, Орусиядан пошлинасыз ала турчу 460 миң тонна бензиндин квотасы түгөндү. Атайын индикативдүү планды салмактап кармап туруу үчүн 6 айдан бери эч ким кийлигишпей коюптур. Кечээ Орусия менен сүйлөшүүлөр болуп, дагы 220 миң тонна алып келүүгө макулдашылды.

Ошондой эле күйүүчү майлардын бааларын бир аз турукташтырууга аракет кылабыз, бирок, баалардын өсүшүн толук токтото албаарын кошумчалады.

Exit mobile version