Кылмыш иши козголуп, колдонулбай турган 15 тез жардам унаасы ишке киргизилди — сүрөттөр

Кылмыш иши козголуп, колдонулбай турган 15 тез жардам унаасы ишке киргизилди — сүрөттөр

Ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борбору 15 тез жардам унаасы менен толукталды. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков медициналык тез жардам унааларынын техникалык абалы менен таанышуу учурунда билдирди.

«Түзүлгөн эпидемиологиялык абалга байланыштуу мобилдик бригадалардын жетишсиздиги байкалууда.  Линияга чыкчу 15 автоунаа 2018-жылдан бери Саламаттык сактоо министрлигинин кызматтык жактарына карата кылмыш иши козголгондугуна, документтердеги көйгөйлөргө байланыштуу пайдаланылбай турган. Реанимациялык унаалардын жетишсиздигин эске алуу менен аларды линияга чыгаруу чечими кабыл алынды. Бул маселе укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен макулдашылды. Бул иш боюнча иликтөө параллелдүү түрдө улантыла берет», — деди биринчи вице-премьер-министр.

Саламаттык сактоо министирлигинин маалыматы боюнча унаалар техникалык кароодон өткөрүлүп, пайдаланууга жарактуу катары таанылды. Реанимациялык унааларда жасалма дем алдыруучу жана башка жабдуулар толук жабдылган, бул жеринде медициналык жардам көрсөтүүгө шарт түзөт.

«Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети мобилдик бригадалар үчүн дагы 5 унаа берди. Жыйынтыгында бүгүнкү күндөн тартып 118 жана 103 кызматтарына кошумча 20 тез жардам бригадасы чыкты», — деп белгиледи Баатырбеков.

[su_image_carousel source=»media: 33034,33031,33032,33033,33030″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>