Site icon Reporter.kg

Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 17-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүү, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу, ошондой эле укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу болуп саналат.

Алсак, мыйзам менен Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, аларга ылайык:

– тергөөчүгө алгачкы текшерүү органына тергөө судьясынын токтомунун негизинде алып коюуну жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө тапшырма берүү, алгачкы текшерүү органына аталган Кодекстин
153-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында сурак жүргүзүү укуктары берилди;

– эгерде алынган арызда, билдирүүдө укук бузуу жөнүндө маалымат болсо, тергөөчү, прокурор материалдардын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген тартипте же дисциплинардык тартипте кароого жиберүүгө милдеттүү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version