Site icon Reporter.kg

Уурулук кылып жатканда үй ээси келип калган. Шектүү кармалды

Бишкекте үйгө кирип, уурулук кылууга шектелип 21 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-октябрда райондук милицияга М.Д. аттуу жаран кайрылып, 7-октябрь күнү болжол менен саат 18:00до белгисиз адамдар катып кеткен ачкычын таап алып, батирине киргенин билдирген. Ууру батирде жүргөн убакта үй ээси келип калып, кылмышкер качып кеткен.

Аталган факт боюнча Кылмыш кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул кылмышка шектүү катары 21 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда кармалган жаран дагы башка 6 кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн деп шектелүүдө. Иликтөө иштери уланууда.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан же маалыматы бар жарандарды 0(502) 77-76-62 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version