Кылмыштуу топтун мүчөсү «Женгого» издөө жарыяланды

 Кылмыштуу топтун мүчөсү «Женгого» издөө жарыяланды

 «Женго» каймана аты менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары айтылып жүргөн Кадыр Досоновго издөө жарыланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызматтын билдирүүсүндө айтылгандай, Досоновдун менчикке карата оор кылмышка катыштыгы бар экени тастыкталган.

28-ноябрь күнү Ош шаардык соту аны камакка алуу тууралуу чечим чыгарып, ага издөө жарыяланган.

Учурда атайын кызмат Досоновдун жүргөн жерин жана башка да кылмыштарга катышы бар экенин аныктоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканы айтылат.

Матраимовдор менен байланышы бар экени айтылган Ош шаардык спорт комитетин башчысы Кылычбек Саркарбаевдин Кадыр Досонов менен жолуккан видеосу буга чейин интернетке жарыяланып кеткен.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>