Site icon Reporter.kg

Ошто кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлдү: Кримтөбөл Кадыр Досонов кармалды

Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн өлтүрүлүшүнө байланыштуу «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-январь күнү саат 01:15 чамаларында, Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндөгү «РСК» банкынын жанындагы аялдаманын аркасында, тергөөдө өздүгү аныкталбаган белгисиз атуулдар, өздөрүнүн кылмыштуу аркеттери менен, адам өлтүрүү максатын көздөшүп, Баткен облусунун 29 жаштагы А.Н. аттуу тургунунун денесине миздүү курч нерсе менен бир нече оор жаракаттарды келтиришип, ак түстөгү автоунаа менен изин жашырып качып кетип калышкан. Натыйжада ал денесинен алган жаратынан улам ооруканага жетпей каза болгон.

Ошондой эле анын шериги Кара-Суу районунун 27 жаштагы Н.М. аттуу тургуну денесинен (өзгөчө бут органдары катуу жабыркаган) жарат алып, тез жардам кызматы тарабынан Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 16-пункту боюнча кылмыши иши козголгон.

Окуя болгон жерге Ош шаардык милициянын жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу барып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар чогултулуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, шектүүлөрдү аныктоого багытталган ыкчам иштер уюштурулган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин жана алынган маалыматтардын негизинде бул өзгөчө оор кылмыш жасаганга шектүү катары адамдардын тобу, ар биринин өздүктөрү аныкталган жана аларга издөө иштери жарыяланган. Бул өзгөчө оор кылмыш иши кылмыш топторунун өз ара келишпестигинин натыйжасында жасалгандыгы боюнча маалыматтар алынган. Натыйжада 13-январь бул кылмышты жасоодо пайдаланылган автотранспорт табылып, башкармалыктын атайын аянтчасына киргизилди. Ошондой эле бул өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу, кылмыш чөйрөсүндө «Женго» деген каймана ат менен таанымал болгон, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Кадыр Досонов кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле анын шериктери, бул кылмышка түздөн түз катыштыгы бар 3 жаран изделүүдө:

  1. Раимберди уулу Акылбек, 1995-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;
  2. Коргонбай уулу Эламан, 1995-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну;
  3. Шакир уулу Курсантбек, 1998-жылы туулган, Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургуну.

«Учурда бул өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар жарандарды кармоо боюнча ар тараптуу ыкчам издөө, тергөө иш чаралары жүрүп жатат. Кылмышка шектүү адамдар тууралуу маалыматыӊыздар болсо Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 03222-4-82-82 телефону аркылуу кабар берүүнү суранабыз»,— деп билдирет милиция.

Видео: Ошто кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлдү. Милиция эмне дейт?

Exit mobile version