Кылмышты жабуу үчүн 5 миң доллар сураган милиция кызматкерлери кармалды

Кылмышты жабуу үчүн 5 миң доллар сураган милиция кызматкерлери кармалды

Кылмышты жабуу үчүн 5000 доллар пара сураган Октябрь райондук милициясынын 4 кызматкери кармалды. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 16-сентябрь күнү Бишкек шаарынын тургуну Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына (Финпол) кайрылып, пара талап кылган милиция кызматкерлерине чара көрүүнү өтүнгөн.

Финпол бул  фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «пара талап кылуу» беренеси менен каттаган.

23-сентябрь күнү кечинде Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Октябрь райондук криминалдык милиция кызматынын үч кызматкери кармалган. Өздүк кароо жүргүзүүдө алардан 1000 доллар табылган.

Ошондой эле Финполго Октябрь райондук миилциясынын дагы бир тергөөчүсү жеткирилген. Анын иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүү учурунда Т.С. аттуу жаранга карата токтотулган сотко чейинки өндүрүш иши табылган.

Суракка алуу жана башка тергөө амалдарын жүргүзүүдөн кийин төрт милициянын кызматкери шаардык миилциянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факт боюнча тергөөнү Улуттук коопсуздук кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>