Site icon Reporter.kg

Күлүк күнүндө, тулпар тушунда

Мурдагы тышкы иштер министри, мамлекеттик кызматта 20 жылдан ашуун иштеп, ири долбоорлорду ишке ашырган, өлкөгө инвестиция тартууга көмөктөшүп келген Чынгыз Айдарбеков бүгүн, 20-ноябрда Бишкектин тургундары менен жолугуп, жакындан баарлашты. Ал “Альянс” партиясынын жана жеке өзүнүн пландары менен бөлүшүп, айрым көйгөйлөргө токтолуп, мамлекеттин азыркы кейиштүү абалынан кеп козгоду.

“Кыргызстан эгемендикке ээ болгон жылдардан тартып социалдык-экономикалык чөйрөдө мактанарлык жылыш болгон жок. Өлкөдөгү туруксуздуктун айынан ишин таштай качкан инвесторлордун агымы күч алды. Буга окшогон көйгөйлөрдү чечип, өнүгүүгө карай багыт алуу үчүн бийликтин үч бутагынын бири болгон Жогорку Кеңешке экономиканы түшүнгөн, альтернативдүү көз караштан тышкары илимге негизделген программаларды сунуштай билген адамдар барышы керек”, – деди Айдарбеков.

Дагы бир талапкер Эмил Жамгырчиев шаардыктар менен жолугушуу маалында кубаттуу өлкө куруу үчүн күчтүү мыйзамдарды ишке ашыруу маанилүү экенине токтолду. Ал Жогорку Кеңешке барып калса, көйгөйлүү маселелерди чечүүдө дайыма эл тарапта болууга убада берди.

“Элдин таламын талашып, кызыкчылыгын коргоп турууга күчүбүз жетет. “Альянс” партиясы калайык калкка жөлөк болуу үчүн шайлоого аттанды. Эл таразалап, татыктууларды шайлап алат деген ишенимдебиз”, — деди Жамгырчиев.

Жолугушуу суроо жооп иретинде уланды. Шайлоочулардын көбү мектептердин, бала бакчалардын жетишсиздигин айтышып, жалгыз бой энелердин укуктарын коргоого, жаштарга колдоо көрсөтүүгө багытталган суроолорун узатышты.

АЛЬЯНС — №3  — БИР КҮЧ!

Чынгыз Айдарбеков – №3

Эмил Жамгырчиев — №15

Даярдоочу: «Акчабар» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1. Нускасы: 1 даана. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 20-ноябрь, 2021-жыл.

Exit mobile version