Site icon Reporter.kg

Күн жылыйт. Кыргызстанда февраль айына күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет февраль айына карата Кыргызстанда аба ырайынын болжолун жарыялады. Абанын айлык орточо температурасы жана жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын болушу күтүлөт.

Чүй облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 0…-2, Чүй өрөөнүнүн түндүк бөлүгүндө -2…-4, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -4…- 6 градус болот.

Абанын температурасы түнкүсүн -9…-14 сууктан 0…-5ке чейин, күндүз 0…5тен 8…13 градуска чейин жылыйт. Калган күндөрү суук түшүп, абанын температурасы түнкүсүн — 8…- 13, күндүз — 1…- 6 градуска чейин түшөт.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде түнкүсүн -11…-16дан -2…-7 градуска чейин, күндүз -3…+2ден +3…+8 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.

Талас облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -2…-4 градус суук болушу күтүлөт. Түнкүсүн -10…-15 градустан -1…- 6 градуска чейин, күндүз -1…+4төн +7…+12 градуска чейин жылыйт.

Ош облусунда

Абанын айлык орточо температурасы 0…+2 градус болуп, тоолуу райондордо 0…-2 градуска чейин түшөт. Түнкүсүн -1…-6 градустан 0…+5 градуска чейин, күндүз +1…+6дан +9…+14 градуска чейин жылыйт.

Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -6…-11 градустан -4…+1 градуска чейин, күндүз -2…+3 градустан +8…+13 градуска чейин жылышы мүмкүн.

Жалал-Абад облусунда

Абанын айлык орточо температурасы 0…+2 градус болуп, тоо этектеринде 0…-2 градуска чейин түшөт. Түнкүсүн -1…-6 градустан 0…+5 градуска чейин жылып, күндүз +1…+6 градустан +9…+14 градус болот.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде түнкүсүн -6…-11 градустан -4…+1ге чейин, күндүз -2…+3төн 8…13 градус жылышы мүмкүн.

Баткен облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын  болуп, 0…+2 градус, тоо этектеринде 0…-2 градус суук болот.

Түнкүсүн -1…-6дан 0…+5 градуска чейин, күндүз +1…+6дан +9…+14кө чейин өзгөрүп турат. Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн — 6…- 11 градустан — 4…+1 градуска чейин, күндүз -2…+3төн 8…13 градуска чейин жылыйт.

Ысык-Көл облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -1…-3 градус, чыгыш бөлүгүндө -4…-6 градус суук болот. Түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1ден 2…7 градуска чейин жылыйт.

Нарын облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -10…-12 градус, Кочкор районунда -5…-7 градус болот. Түнкүсүн -15…-20 градустан -5…-10 градуска чейин, күндүз -7…-12ден -3…+2 градус жылыйт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version