Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар митинг өткөрүүдө. Алар менен жолугуу үчүн БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова комиссиянын башка мүчөлөрү менен бирге чыкты.
Митингчилер анын сөз сүйлөөсүнө уруксат бербей: «Уят!» деп кыйкырышты. Ошондой эле Шайлдабекованы кызматтан кетүүгө чакырышты.
Шайлдабекова добуштарды кол менен саноо аяктагандан кийин шайлоонун жыйынтыгы чыгарыларын убада кылды.