Site icon Reporter.kg

Күнүнө 120 сом: Бишкектеги бала бакчаларда балдардын тамагын ата-энелер төлөйт

Бишкек шаардык мэриясы муниципалдык бала бакчаларда балдардын тамак-ашына төлөмдү ата-энелер жүргүзөрүн билдирди. Жаңы тартипке ылайык, күнүмдүк төлөм 120 сомду түзөт.

Бул чечим Министрлер кабинетинин балдарды тамак-аш менен камсыздоо боюнча май айында кабыл алынган токтомун ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Бүгүнкү күндө борбор калаада жалпы 118 муниципалдык бала бакча иш алып барат.

Exit mobile version