Кыргыз Өкмөтү күнү-түнү иштөө режимине өттү

Кыргыз Өкмөтү күнү-түнү иштөө режимине өттү

Кыргызстандын Өкмөтү жана 7 облусундагы жергиликтүү бийлик органдары күнү-түнү иштөө режимине өтүштү. Бул тууралуу коронавирусту алдын алуу боюнча ыкчам штабдан кабарлашты.

Мындай чечим коронавирус инфекциясын жуктуруп алган алгачкы 3 учурга байланыштуу кабыл алынган.

Белгилей кетсек, 18-мартта коронавирус жугузуп алганы аныкталган 3 адам Сузак районунун тургуну болгон. Азыр алар Жалал-Абад облустук жугуштуу илдеттер ооруканасына жаткырылган. Ал эми Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>