Кыргыз-Өзбек чек арасы. Ташиев Өзбекстандын премьер-министрине жолукту

Кыргыз-Өзбек чек арасы. Ташиев Өзбекстандын премьер-министрине жолукту

Ташкент шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү башталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргыз делегациясын –Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми өзбек делегациясын Өзбекстандын премьер-министр Абдулла Арипов жетектеген кеңешменин жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин делимитациялоо маселеси талкууланат.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын учурунда эки өлкө башчысы өкмөттүк делегациялардын ишин активдештирүү тууралуу макулдашкан, аларды жакын арада жыйынтыктоо пландаштырылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>