Кыргыз-өзбек чек арасынан аткезчилик жүк кармалды

Кыргыз-өзбек чек арасынан аткезчилик жүк кармалды

Кыргызстандан Өзбекстанга 240 миң сомдук лампочканы мыйзамсыз алып өтүп бара жаткан адам кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 23-июнунда Баткен облусундагы Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары аткезчилик жүктүн алынып өтүшүнө бөгөт коюшкан. Анда  чек арачылар Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунаасы менен өткөрүү жайынан тышкары аймактан мыйзамсыз түрдө 24 миң лампочканы уруксат берүүчү тиешелүү документтери жок Өзбекстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылган кыргыз жаранын кармашкан.

Кармалган жүктүн жалпы суммасы 240 000 сомду түзгөн.

Тишелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана жүк коопсуздук кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>