Кыргыз-Өзбек чек арасындагы жаңжалдан жаракат алган кыргызстандык ооруканада каза болду

Кыргыз-Өзбек чек арасындагы жаңжалдан жаракат алган кыргызстандык ооруканада каза болду

Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагындагы Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавынын Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыккан жаңжалдан жаракат алып, Баткендеги ооруканада жаткан кыргызстандык  каза болду.

Каза болгон жаран инсульт алып, 10 күн комада жаткан. Ал эсине келбей бүгүн көз жумган. Маркум 49 жашта болчу. Анын артында жубайы, үч баласы калды.  

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн элинин ортосундагы чыр 31-майда саат 12:30 чамаларында Чечме айылындагы булакты бирге тазалап жатканда «булак бизге таандык» деп сөз талашкандан чыккан. Жаңжалдан кыргызстандык 25 жаран түрдүү жаракат алган. Саламаттык сактоо министрлиги алардын төртөө ар кандай жаракат менен стационарда дарыланып жатканын, анын экөө операциядан кийин оор абалда экени маалымдаган болчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>