Кыргыз-Өзбек ишкерлери дээрлик $1 миллиарддык макулдашууларга кол коюшту

Кыргыз-Өзбек ишкерлери дээрлик $1 миллиарддык макулдашууларга кол коюшту

11-мартта Ташкентте өткөн кыргыз-өзбек бизнес-форумунун алкагында эки өлкө ишкерлеринин ортосунда 935,1 миллион долларга 291 инвестициялык жана соода келишимдерине кол коюлду. Бул тууралуу Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлиги кабарлады.

Форумдун жүрүшүндө акыркы жылдары кыргыз-өзбек биргелешкен ишканаларынын саны эки эсеге, соода жүгүртүү көлөмү беш эсеге көбөйгөнү белгиленди. Коронавирус пандемиясыннын терс кесепеттерине карабастан, 2020-жылы эки тараптуу соода жүгүртүү көлөмү 10% өскөн.

Бизнес-форумдун расмий бөлүгү аяктагандан кийин «B2B» форматында эки тараптуу жолугушуулардын сессиясы өттү. Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн ишкерлери кызматташуунун келечеги жана конкреттүү долбоордук сунуштарды талкуулашты. Мындан тышкары тараптар кызматташтыктын перспективдүү багыттары эсептелген айыл чарба, минералдык жана органикалык жер семирткичтерди, курулуш материалдарын, текстилдик-булгаары буюмдарын өндүрүү, туризм жана логистика маселелерин карашты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>