Site icon Reporter.kg

Кыргыз аскерлери Индиянын куралдуу күчтөрү менен машыгууда

Индияда «Канжар-2024» аскердик машыгуусу өтүп жатат. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн ачылуу аземи болуп өттү.

Белгилей кетсек, «Канжар» машыгуусу 2015-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.

Стокгольм эл аралык институтунун (SIPRI) маалыматы боюнча Индиянын армиясы дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Куралдуу күчтөрдүн бир жылдык бюджети 2 триллион доллардан ашат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version