Site icon Reporter.kg

Кыргыз балбаны Акылбек Талантбеков күрөштөн 4 жылга четтетилди

Кыргызстандын грек-рим балбаны Акылбек Талантбеков күрөштөн 4 жылга четтетилди. Бул тууралуу Эл аралык тестирлөө агенттигинин сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, Талантбеков 2023-жылы апрелде өткөн Азия чемпионатындагы кызытма текшерүүсүнөн өтө албай калган: анын организминен тыюу салынган «метастерон» дарысы аныкталган.

Ага байланыштуу балбан жигит, алгач, 2023-жылдын 12-июнуна чейин убактылуу четтетилген. Териштирүүдөн кийин аны 2027-жылдын 11-июнуна чейин күрөштөн четтетүү чечими кабыл алынган.

Эскерте кетсек, Акылбек Талантбеков 2023-жылы апрелде Астанада өткөн Азия биринчилигинде 82 кг салмакта алтын утуп, Азия чемпиону атанган. Финалда ал казакстандык спортчу Диас Календи жеңген. Эми алтын байге казакстандык балбанга берилет.

Exit mobile version