Быйыл январь-апрель айларында кыргыз балын эң көп Кытай сатып алган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Кытай 116,6 миң долларга 48 тонна кыргыз балын сатып алган.
Ошондой эле, быйыл төрт айда АКШга 91,6 миң долларга 17,6 тонна, Бириккен Араб Эмираттарына 49,2 миң долларга 17,2 тонна жана Сауд Арабиясына 33,5 миң долларга 16,7 тонна бал экспорттолгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз