Site icon Reporter.kg

Кыргыз бешбармагын ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине кошуу каралууда

Ассоль Молдокматова кыргыз бешбармагын ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизүү боюнча жумушчу топту жетектеди. Анын айтымында, бул бир гана рецептти сактоо эмес, элдин каада-салтын, маданий өзгөчөлүгүн коргоо.

Демилге Аскар Айтматов менен Айболот Айдосов тарабынан көтөрүлгөн. Тамакты жайылтуунун алкагында Бишкекте эл аралык бешбармак фестивалын жана Бакудагы ресторандардын биринде бет ачарын уюштуруу пландалууда.

Маалымат үчүн: ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмеси элдердин каада-салттарын, үрп-адаттарын, устачылык өнөрүн, улуттук тамак-аштарын жана башка руханий мурастарын сактоо жана жайылтуу максатын көздөйт.

Кыргызстан буга чейин “Манас” эпосун, шырдак жасоо өнөрүн жана боз үйдү аталган тизмеге киргизген. Эми бешбармак да дүйнөлүк маданий мураска айланышы мүмкүн.

Exit mobile version