Кыргыз чек арачылары ворухтук эки өспүрүмдү кармаганы айтылды

Кыргыз чек арачылары ворухтук эки өспүрүмдү кармаганы айтылды

Тажикстандын Ворух анклавында жашаган эки өспүрүмдү кыргызстандык чек арачылар кармап, суракка алган. Мындай билдирүүнү Исфара шаарынын бийлик өкүлдөрүнө таянуу менен коңшу өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка таянсак, 8-класстын эки окуучусун 25-апрелде мал жайып жүргөн жеринен кыргыз чек арачылары кармап, уруп-согуп суракка алышкан.

Аларды Исфаранын жергиликтүү бийлиги жана тажик чек арачыларынын кийлигишүүсү менен бошоткону кабарланат.

Белгилей кетсек, 24-апрелде «Кулунду» чек ара бекетинин жетекчисине Лейлек районунун Сай тилкесинде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Бешкент айылынын 2002-жылы туулган А.Д. жана К.К.у. аттуу тургундарын тажик аскерлери түн ичинде кол салып, кармап кеткен.

Буга байланыштуу, 26-апрелде Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, Тшкы иштер министрлигинин нотасы тапшырылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>