Site icon Reporter.kg

Чек арадан мыйзамсыз кирген адам кармалды

Кыргыз чек арасын мыйзамсыз бузуп өткөн адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. 

Укук коргоо органдарына коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны Баткен облусундагы кыргыз чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Чүй облусунда жашырынып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.  Ыкчам-иликтөө ишинин жүрүшүндө аталган адамдын жүргөн жери такталып, Сокулук районунан кармалган.  Анын коңшу өлкөлөрдүн биринин 36 жаштагы Т.А. аттуу жараны экени такталган. 

Факты чек араны мыйзамсыз бузуп өтүү беренеси менен катталып, чогултулган материалдар УКМКга өткөрүлүп берилген.  

Exit mobile version