Кыргыз Эл артисти Арстанбек Ирсалиев АКШда көз жумду

Кыргыз Эл артисти Арстанбек Ирсалиев АКШда көз жумду

Кыргыз Республикасынын эл артисти, эл аралык сыйлыктардын лауреаты Арстанбек Ирсалиев көз жумду. Бул тууралуу 6-октябрда  Опера жана балет театрынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 5-октябрда АКШда көз жумган. Ден соолугуна байланыштуу Ирсалиев өз мекенин таштап Америкага кетүүгө аргасыз болгон. Арстанбек Ирсалиев 1950-жылы 25-февралда Чүй облусунун Кара-Балта шаарында төрөлгөн. Ал Ленинграддагы балет мектебин аяктагандан кийин Кыргыз опера жана балет театрында балет бийчиси болуп иштеген. Ал 17 жашында режиссер Болот Шамшиевдин «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» тасмасына тартылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>