Site icon Reporter.kg

“Кыргыз Эль-класикосу”: Ошто “Алай” жана “Дордой” беттешет

Бүгүн, 28-апрелде футбол боюча Кыргыз Премьер-лигасынын алкагында соңку он жылда чемпиондукту эч кимге бербеген “Алай” жана “Дордой” командалары беттешет.

Командалар бул сезондо 7-апрелде 10-турдун жылдырылган оюнун өткөрүп, анда Оштун командасы 2:0 эсеби менен жеңип алган.

Ал эми өткөн сезондо командалар эки ирет беттешип, эки оюнда тең “Дордой” жеңишке жеткен.

Командалар бүгүн 7-турдун алкагында Ош шаарындагы Ахматбек Суюмбаев атындагы стадиондо саат 17:00дө беттеш өткөрөт.

Белгилей кетсек, 2020-жылы Кыргыз Премьер-лигасын “Дордой” клубу жеңсе, “Алай” Кыргызстандын кубогун уткан. Бул жылы эки команда тең өлкө атынан АФК кубогунун тайпалык баскычында 14-майдан баштап оюн өткөрөт.

Соңку он жылда “Дордой” 6 ирет, “Алай” 4 жолу өлкө чемпиондугун уткан.

Exit mobile version