Site icon Reporter.kg

Кыргыз эли Эл жазуучу менен коштошту — сүрөттөр

Кыргыз Эл Баатыры, Эл жазуучу, драматург Бексултан Жакиевти акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 26-апрель күнү өттү. Ага жузуучунун жубайы, жакын санаалаштары жана бийлик өкүлдөрү катышты.

Коштошуу зыйнатында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, өкмөт башчы Улукбек Марипов, маданият министри Кайрат Иманалиев, белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер сөз сүйлөп, жазуучунун эмгектерин, мамлекетке кошкон салымын эскеришти. Президенттин көңүл айтуусун анын аппарат жетекчиси Сүйүмбек Касманбетов окуп берди:

“Кыргыз эли, кыргыз маданияты чоң жоготууга учурады. Заманыбыздын залкары Бексултан агай, мен үчүн маареке эмес маданият маанилүү деп, маданиятка өмүрүнүн аягына чейин кызмат кылып, коомдук иштердин дээрлик барына катышып өз пикирин билдирип келген. Бексултан Жакиевтин өмүрү кызыктуу да, кайгылуу да болгону анын ар бир жараткан чыгармасынан көрүнүп турат. Бексултан агай кыргыз элинин жүрөгүндө дайым сакталат, жаткан жериңиз жайлуу болсун. Агайдын үй-бүлөсүнө жана жакын адамдарына терең кайгыруу менен көңүл айтам”.

Бексултан Жакиев 1936- жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. Ал 1958- жылы КМУнун филология факультетин аяктап, 1960- 1962-жылдары Москвадагы киносценаристтердин эки жылдык жогорку курсунда окуган. Алгач эмгек жолун 1963-1968-жылдары «Кыргызфильм» киностудиясында редакторлуктан баштаган. Андан кийин Кыргыз ССР Маданият министрлигинде, Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун секретары, Кыргыз Республикасынын президентинин мамлекеттик кеңешчиси, «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору, ошону менен катар Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы болгон.

Бексултан Жакиев «Атанын тагдыры» аттуу алгачкы драмасы менен адабияттын астанасын аттаган. Аталган чыгарма менен автор кыргыз адабиятына, театр жаатына жаңы дем, жаңы мазмун, ой киргизип, коомчулукта чоң резонанс жараткан дейт академик, коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев:

“Бексултан агабыз студент кезинде жазган “Атанын тагдыры” аттуу согуш учурундагы оор кырдалды жазган драмасы эл ичинде өлбөс-өчпөс. Мен өзүм аны үч-төрт жолу көргөм, биздин улуу актер Муратбек Рыскулов ойногон. Кыргыз тарыхынын эң оор учурларына, 1916-жылдагы Кыргыз элинин оор кайгысына жазылган “ Алтын аяк” драмасы да эч качан унутулбайт. Андан тышкары ал адамдарга өтө жакын болчу, талаптары катуу болсо да, ар дайым түз сүйлөп, кызматына карабай, кошомат кылбай мамиле кылган”.

Жакиевдин адам турмушунун ар кыл жагдайларына арналган курч, жашоонун чындыгын ачып берген «Миң кыял», «Өкүм», «Эртең – жаңы жыл» жана башка драмалары да элдин сүйүп, издеп окуган чыгармаларына айланган.

Коомдук ишмер, мекенчил жаран катары Бексултан Жакиевдин 2000-2003-жылдары даярдаган кыргыздын манасчылык, төкмөчүлүк өнөрлөрү боюнча сунушу ЮНЕСКО тарабынан “Адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври” деп таанылып, Парижде расмий жарыяланып, колдоого алынган. Муну менен Бексултан Жакиевтин “Манас” эпосун изилдөөгө жана жайылтууга кошкон салымы зор экенин аңдоого болот. Жакиев “Манас” эпосунун жыйынтыкталган вариантын да даярдаган. Ал “Манас”эпосун якут тилине жана Саха элинин Олонхо баатырдык эпосун кыргыз тилине которуу боюнча чоң долбоордун демилгечилеринин бири. “Манас тануу”сабагы Кыргызстандын мектептеринде 2011-жылдан бери пайда боло баштаган. Ал үчүн Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев “Манас” эпосунун кыскартылган вариантын жазып чыккан. Бул вариантты Кыргыз билим берүү академиясындагылар жактырышып, андан кийин Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген. Жакиевдин мына ушул багыттагы ат көтөргүс салымын “Токтогул” атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кинорежиссер Садык Шер-Нияз төмөнкүчө эскерди:

“Айкөл Манас өлгөндө, Каныкей жеңебиз Букарда кайгырып жалгаз калганда, “кыргыз кыргыз болуп калабы, Семетей атасы Манас экенин билеби, жери талас экенин билеби, өзү кыргыз экенин билеби?”, — деп Тайтору атты ырым кылып чапкан экен. Биз дагы кыйын заман болуп, Союз урап, кыргыздын маданияты эмне болот, кыргыз тили эмне болот, кыргыздын өнөрү эмне болот деп турган кезде, биз дагы Бексултан байкени ырым кылып чаптык. Ушул Бексултан байке чыгып келсе, сүрөп берсе, кыргыз өнөрү, тили, маданияты калар деп чаптык. Ошол Манаста айтылат, “Тайтору мүдүрүлүп, чыга албай калганда, маарага жетпей кала турган болгондо, Манастын жолдоштору, кырк чоросунун арбактары тирилип келип сүрөп алыптыр” деп. Ошентип, маарага Тайтору чыгып келет эмеспи. Ошол сыяктуу Бексултан байке дагы кыйналып кысталганда, кыргыз маданияты, Манас, тили, кыргыз акындары, комузчулары эмне болот дегенде Бексултан байкени дагы менин оюмда Жеңижоктун, байыркы Токтогулдун, кадимки Балыкооз, кадимки Толубай сынчынын, Ырамандын ырчы уулунун арбактары сүрөп келди. Кайраты түгөнүп, мүмкүн мынабу көр дүйнө, көбөлөнгөн көр дүйнө биздин тилибизди, маданиятыбызды, тарыхыбызды улантып кетебиз дегенде өзүнүн кан достору Толөмүш Океев жана Ашым Жакыпбековдин арбагы сүрөп маарага чыгарды. Сиз менен кошо биздин маданиятыбыз, сиз менен кошо кыргыз тили да кайра көтөрүлүп берди. Сиз менен кошо Манасыбыз жанданды, сиз менен кошо “Айтыш” коомдук өнөрүбүз, акындардын өнөрү ЮНЕСКОго чейин таанылып, бүткүл дүйнөнүн шедеври болуп берди. Кыргыз эл баатыры болуш кыйын жана сыймыктуу, бирок, кыргыздын ак сакалы болуш андан да сыймыктуу андан да оор. Сиз бизге ак сакал болуп, кайсыл жерде болсо түз сүйлөп бердиңиз. Сизге карап биз ушул жерде турган шакирттер, өнөрпоздор, маданият кызматкерлери түздөндүк”.

Белгилүү драматург, кинодраматург, публицист жана жазуучу, коомдук жана саясий ишмер, кыргыздын даанышман адамы Бексултан Жакиев өмүр, чыгармалык жолунда мамлекет алдында жасаган иши жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын Баатыры, III даражадагы Манас ордени, «Даңк» медалы, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын, Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атындагы эл аралык сыйлыгынын, Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыгынын лауреаты жана Казакстан Республикасынын “Астана” медалдары менен сыйланган.

Бексултан Жакиев 25-апрель күнү айрым маалыматтарга караганда жүрөк оорудан улам, 85 жаш кезинде дүйнө салды. Жазуучунунсөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Exit mobile version