Сөгүнгөнү үчүн кармалган Даниел Ажиевдин апасы президентке кайрылды — видео

Сөгүнгөнү үчүн кармалган Даниел Ажиевдин апасы президентке кайрылды — видео

Порно ишкер катары таанымал Даниэл Ажиевдин апасы кыргыз элине жана поезидентке кайрылып, кечирим сурады. Анын кайрылуусун Next TV каналы “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялады. 

“Урматтуу кыргыз элим, урматтуу Сооронбай Шарипович баламдын кетирген катасы үчүн кечирим сурайым. Даниэл бийликтеги чоң адамдарга таарынычы менен эмоцияга алдырып койду. Анын 7 обулска кете турган азык түлүктөр унааларда турат. Сооронбай Шарипович, баламды чыгарып бериңиз”, – деген Даниэлдин апасы.

https://www.facebook.com/nextvchannel/videos/1044906109215401/

Белгилей кестек 30 жаштагы Даниэль Ажиев кастыкты козутууга түрткөн билдирүүсү үчүн милиция тарабынан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. ИИМ анын баңгизат колдонгонун да айткан.

Социалдык тармакта Даниэл Ажиевдин  коронавирус менен күрөшүү үчүн өлкөнүн жети дубанына 7 миллион сом таратканы тууралуу маалымат айтылган.  Муну далилдеген эч кандай тастыктама документ көрсөткөн эмес. Бирок, бир нече үй-бүлөгө азык-түлүк таркаткан видеосун өзүнүн “Инстаграмм” баракчасына жарыялаган. Тасмадан анын алды арты караңгылатылган шевроле унаасы менен жүргөнүн да көрүүгө болот.

Интернет колдонуучулары адегенде “Ажиевдин акча таратканы” үчүн ага ыраазычылык билдиришкен. Бирок анын веб-кам  студиялардын ээси экени айтыла баштаган соң ага карата ар каандай сын-пикирлер айтылган. Кийин анын “Инстаграмм” баракчасы аркылуу кыргыз элин  ашата сөккөн видеосу тараган.

Мындан сырткары ал Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобековду дагы сөккөн бир нече видеосу  тараган. Абжалиев болсо президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>