Site icon Reporter.kg

Кыргыз энциклопедиясынын имаратынан өрт чыкты

Кечээ, 15-ноябрь күнү саат 10:49 чамасында Бишкек шаарынын Чүй проспектисиндеги Улуттук илимдер академиясынын Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясынын корпуснун 3-кабатында жайгашкан бухгалтерия бөлмөсүндө стол, отургучтар жана иш кагаздар күйгөн.

Өрт саат 11:14тө чектөөгө алынып, саат 11:41толук өчүрүлдү.

2 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

 

Exit mobile version