Site icon Reporter.kg

Кыргыз футболу: Бүгүн Бишкекте «Алга» менен «Барс» клубдарынын беттеши өтөт

Бүгүн, 13-июнда Кыргызстандын премьер-лигасынын кезектеги турунун алкагында «Алга» менен «Барс» футбол клубдарынын ортосунда беттеш болуп өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлады.

Беттеш Бишкек шаарындагы жаңы «Алга» спорт комплексинде саат 20:30да башталат.

Бул беттеш менен биргеликте «Алга» спорт комплексинин расмий ачылышы өткөрүлөт. Жаңы комплекс клубдун туруктуу базасы болот.

«Заманбап комплекс беттештерди өткөрүү үчүн гана эмес, клубдун келечектеги өнүгүүсү, жаш оюнчуларды даярдоо жана спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн машыгуу жана инфратүзүмдук аянтча катары да колдонулат»,- деп билдирди мэрия.

 

Exit mobile version