Site icon Reporter.kg

Кыргыз футболу жетекчиликсиз калды. Шайлоого кетти…

Кыргызстан футбол союзунун президенти Канатбек Маматов кызматтан кетти. Ал күздө өтө турчу парламенттик шайлоого катышуу үчүн ушундай кадамга барган. Бул тууралуу аталган мекемеден Reporter.kg′ге билдиришти.

Маалым болгондой, азырынча кайсы партия менен шайлоого аттанаары ачыктала элек.  11-октябрда мекеменин жыйынында жарыя кылаары күтүлүүдө.

Учурда жаңы жетекчи келет деп камданып жатат. Азыр ким болоору ачык бойдон турат.

Exit mobile version