Site icon Reporter.kg

Кыргыз IT өкүлдөрү америкалык компаниялардын иши менен таанышты

Кыргызстандын 15 IT компаниясынын өкүлдөрү Юта штатындагы алдыңкы Reliable Controls Corporation, Pluralsight жана SecurityMetrics аттуу компанияларынын иши менен таанышты. Бул тууралууу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Reliability Controls Corporation жетекчилиги  Американын тоо-кен тармагын санариптештирүү жана компаниялардын чечимдерин жакшыртуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.

Ал эми SecurityMetrics компаниясы дүйнөлүк ишканалардын төлөм карталарын коопсуздугун камсыздоо боюнча жүргүзгөн ишин айтып берди.

Жолугушуулардын жүрүшүндө эки өлкөнүн компаниялары келечекте биргелешип иш алып барууну макулдашты.

Кыргыз программисттери Солт Лейк Сити шаарында өткөн  Silicon Slopes Summit аттуу ири саммитке дагы катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version