Кыргыз-казак өкмөт башчылары чек ара бекеттерин ачуу боюнча макулдашты

Кыргыз-казак өкмөт башчылары чек ара бекеттерин ачуу боюнча макулдашты

Кыргыз-казак чек арасындагы бардык өткөрмө бекеттер ачылат. Мындай чечимди Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары кабыл алышканын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Эки өлкөнүн премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев жана Аскар Мамин кечээ, 10-июнда телефон аркылуу сүйлөшүп, чек ара маселесин талкуулашкан. 

Анда казак тараптын сунушу боюнча кыргыз-казак тилкесиндеги бардык өткөрмө жайларды ачуу жана кыргыз-казак чек арасы аркылуу тоскоолдуксуз жүк ташууларды камсыздоо маселесин чечүүнү макулдашышкан.

Ошондой эле сүйлөшүү учурунда коронавирустун  жайылуусуна каршы күрөшүү үчүн өз ара аракеттенүү маселелери жана мындан аркы кызматташуунун негизги багыттары талкууланган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>