Site icon Reporter.kg

Кыргыз-казак чек арасы кадимки режимде иштеп жатат

Кыргыз-казак чек арасы кадимки режимде иштеп жатат. Бул туурасында Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, мурдагыдай эле тартипте иш алып барып жатат.  Коңшулар чек ара аркылуу кыймылды чектөө боюнча кошумча маалымат берише элек. Тышкы иштер министрлигинин линиясы боюнча да эч кандай чектөө боюнча маалымат айтылган жок.

Казакстандагы элдик толкундоо 2-январда башталган. Алар бир гана суютулган газдын кымбатташына нааразы болуп чыккан. Бирок, талаптары аткарылганы менен аракеттерин токтотушкан жок.

Exit mobile version