Site icon Reporter.kg

Кыргыз-казак чек арасы: Жүк ташуучу унаалар аз өтүүдө

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы бажы күнүнө 3-4 жүк ташуучу унааны гана өткөрүүдө. Бул тууралуу депутат Мурадил Сыдыков парламент жыйынында билдирди.

Депутат тийиштүү комитетке оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жана транспорттук-логистикалык ишканалардан арыздар түшүп жатканын айтты.

Кыргызстан менен Казакстандын аймагында жүк ташуучу унаалар көпкө кармалууда. Жүзгө жакын жүк ташуучу унаа топтолуп калды. Алардын айрымдары бир айдан бери токтоп турат”, — деди ал.

Ал маселени өкмөт башчыларынын деңгээлинде чечүүнү сунуштады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version