Кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген 6 пакистандык кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, алар түнү саат 03:30да «Васильевка» чек ара заставасына караштуу аймактан кармалган. Алар Казакстан тараптан Кыргызстанга киришкен.
Аларга иш козголуп, КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренеси боюнча Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Пакистан Бишкектен студенттерге кол салгандарды жоопко тартууну талап кылды
Биздин Телеграм каналга катталыңыз