Site icon Reporter.kg

Кыргыз-казак чек арасына жакын жаңы өткөрмө пункт ачылды

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Каркыра жергесинде жайгашкан жаңы «Чаар-Кудук» көзөмөл-өткөрмө пункту ачылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жаңы бекет деңиз деңгээлинен 2 миң 280 метр бийиктикте жайгашкан чек аранын алыскы жана кыйла татаал тилкесин кайтарат жана «Каркыра» чек ара кызматына тиешелүү.

Маалыматта өткөрүү пунктунун курулушу 2023-жылдын сентябрында башталып, чек аранын алыскы тилкелерин коргоо үчүн жашоого жана кызмат өтөөгө зарыл болгон бардык шарттар менен жабдылганы айтылат.

Аталган бекеттин чек арачылары чек араны кайтаруудан тышкары, чет элдик жана ички туристтерди көзөмөлдөө жана «Үч-Суу», «Кичи-Чоң-Жыңалач» жана «Турук» жайлоолоруна кире беришинде мамлекеттик чек арада чек ара режимин сактоону ишке ашырат.

Жаңы бекет менен бүгүн президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев таанышып чыкты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version