Site icon Reporter.kg

Кыргыз-казак чек арасында 3 миң сом менен өткөргөндөр пайда болду

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков парламентте кыргыз-казак чегинде кыргыз жарандары жүргүнчүлөрдөн 3 миң сом алып коңшу өлкөнү көздөй өткөроүп жаткандар пайда болгонун айтып, сынга алды.

“Казакстан жөнөкөй жүргүнчүлөр үчүн чек арасын ачты. Мурда жүк ташуучуоарп гана өтүшчү эле. Бирок, мага жеткен маалыматка караганда, кыргыз тарап жасалма тыгын уюштуруп, ошол жерде жигиттер жүрөт дейт, “3000 сом берсең, өткөрүп коёбуз”- деген…  Бул маалымат чек арадан ошол кыйынчылыкка кабылгандардан келип түштү. Ушуну Чек ара жана Бажы кызматы текшерип коюшсун. Артында ким турат? Ушул иш чындап эле ушундай боло турган болсо, муну уюштургандарды каракчылык беренеси менен эле жазалаш керек. Дооронбек Садырбаевдин “кыргызым өзүңдүн зөөкүр уулдарыңды кечир” – деген сөзү бар го. Чек араны казактар ачып койсо, кылганы ушул болуп атат”— деди.

Exit mobile version