Site icon Reporter.kg

Кыргыз-казак чек арасында айдоочуларды тоногон жол инспекторлору кармалды – видео

Кыргыз-казак чек арасында коррупциялык схема түзгөн  жол инспекторлору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка караганда, УКМК “Актилек-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери системалык түрдө пара алып келгенин аныктаган. 

Ага ылайык, аталган пунктагы ЖКККБ  инспекторлору документ текшерүүнү шылтоо кылып, туруктуу түрдө, жүк ташыган автоунаалардан 500 сомдон 5000 сомго чейин алып турган. Бул пункттан күнүгө 100дөн 200гө чейин автоунаалар өтөт.

Буга байланыштуу 24-декабрда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте «М.Т.М.», «Ш.Р.М.», «А.С.А.» аттуу 3 жол инспекторун кармаган.   

Ал эми 25-декабрда бул коррупциялык схемага тиешеси бар болгон Чүй облустук ЖКККБнын башчысы, милициянын полковниги «Б.Ш.И.» дагы кармалган.

Учурда аталган коррупциялык иштерге тиешеси бар башка да ички иштер органдарынын кызматкерлерин аныктоо иштери жүрүүдө. 

Exit mobile version