Site icon Reporter.kg

Кыргыз-казак чек арасында кайра жүк ташуучу унаалардын кезеги түзүлдү

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө пунктунда 500дөн ашык жүк ташуучу унаалар кезек күтүп турат. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн суткада чек арадан 280 транспорт өткөн.

Чек ара кызматы транспорт тыгынын дагы эле айыл-чарба товарларын экспорттоо сезону менен байланыштырат.

Мал жана тез бузулуучу заттарды ташыган унаалар кезексиз өткөрүлүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version