Кыргыз-Казак чек арасында кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны көбөйүүдө

Кыргыз-Казак чек арасында кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны көбөйүүдө

Кыргыз-Казак чек арасындагы «Ак-Тилек-Автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны 100дон ашты. Унаалар казак тарапка өтө албай турат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Жеңил унаалар менен жүргүнчүлөр тоскоолдуксуз өтүп жатат.

«Казакстандын «Карасуу» чек ара бекетинде инспекциялык-көзөмөл комплекстеринин иши үзгүлтүккө учураган. Ошондон улам кезек күткөн унаалардын саны көбөйүүдө. Учурда 4-5тен жүк ташуучу унааны өткөрүлүүдө. Ал эми жүк ташуучу унааларды өткөрүүдө кыргыз тараптан эч кандай чектөө болгон жок«, — деп билдирди маалымат кызматы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>