Site icon Reporter.kg

Кыргыз-казак чек арасында соода-логистикалык комплекс курулат

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында соода-логистикалык комплекс курулат.

Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы соода-логистикалык комплекс түзүү жана ишин жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду.

Комплекс “Ак-Тилек” жана “Карасу” көзөмөл өткөрмө бекеттеринин жанында жайгашат. Аянты 7,6 чарчы чакырым болот. Анын 4 чарчы чакырымы кыргыз тараптыкы, калганы Казакстанга тиешелүү болот.

Exit mobile version