Кыргыз-Казак чек арасында жүк ташыган унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаралды

Кыргыз-Казак чек арасында жүк ташыган унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаралды

19-февраль саат 15:00гө карата Кыргыз-Казак чек арасында жайгашкан “Ак-Тилек-автодорожный” өткөрүү бекетинде 100дөй жүк ташуучу унаалар кезек күтүп турат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коңшу өлкөдө жайгашкан “Карасу-автодорожный” өткөрмө жайындагы текшерүү-көзөмөлдөө пунктунда орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам унааларды өткөрүү жайлаган.

“Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу жана унаалар штаттык режимде өтүп жатат. Башка көзөмөл өткөрүу жайларында унаалардын тыгыны жаралган жок, Кыргызстан тараптан эч кандай чектөөлөр коюлган эмес”, — деп айтылат билдирүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>