Кыргыз-казак чек арасында жер титиреп, Алматыда сиреналар жаңырды (видео)

Бүгүн, 4-мартта саат 12:22де кыргыз-казак чек арасында жер титирөө болду. Болжол менен жер титирөөнүн очогу Бишкектен 187 чакырым, Алматыдан 31 чакырым алыстыкта Казакстандын аймагында жайгашкан. Алдын ала маалымат боюнча, анын күчү 5 баллга жеткен. Жер титирөөдөн кийин Алматыда сиреналар иштеп, тургундар үйүнөн көчөгө чыкты. Казакстандагы жер титирөө Бишкекте 3,5 балл, Чоплон-Атада 4 балл болуп сезилди