Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол — унаа жолу» көзөмөл-өткөрмө жайы 20-февралга чейин убактылуу жабылат.
Мамлекеттик чек ара кызматы мунун себебин оңдоп-түзөө иштерине байланыштырды.
20-февралга чейин транспорттун бардык түрү «Ак-Тилек», «Кең-Булуң», «Токмок» жана «Чалдыбар» көзөмөл өткөрүү бекеттерине жөнөтүлөт. Ал эми жөө жүргүнчүлөргө эч кандай тоскоолдуктар жок.