Site icon Reporter.kg

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылды

Кытай тараптын демилгеси менен 12-октябрда мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги «Торугарт » көзөмөл-өткөрмө бекети товарларды өткөрүү үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мунун себеби аба ырайынын кескин начарлашы менен байланыштуу.

«Эркечтам» өткөрүү пункту ошол эле режимде Кытайдан Кыргызстанга товар ташууну гана камсыз кылган атайын алгоритм боюнча иштейт.

Exit mobile version