Site icon Reporter.kg

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Жаңы жыл майрамына карата кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан  «Торугарт-автожол» жана «Иркештам-автожол» өткөрүү жайлары  жабылат. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өткөрүү пункттары 1-январь күнү гана иштебей, 2-январдан тарта ишин штаттык режимде улантат.

Белгилей кетсек, «Торугарт-автожол» жана «Иркештам-автожол» өткөрүү жайлары иш күндөрү гана ачык,  ишемби жана жекшемби жабык болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version