«Торугарт-Автодорожный» жана «Иркештам-Автодорожный» өткөрүү пункттары товарларды өткөрүү үчүн 3-апрелден 5-апрелге чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Буга Кытайдын салттуу курман болгондорду эскерүү майрамы Цинминдин майрамы себеп болду.
Унаалардын жана товарлардын өтүүсү 2021-жылдын 6-апрелинде улантылат.
«Торугарт-Автодорожный» жана «Иркештам-Автодорожный» өткөрүү пункттары Кытайдан Кыргызстанга товар ташууну гана камсыз кылган атайын алгоритм боюнча иштейт.