Site icon Reporter.kg

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

5-апрелде кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  Кытай тараптын демилгеси менен Цинмин фестивалын (Эскерүү күнү) майрамдоого байланыштуу Торугарт жана Эркеч-Там өткөрмө бекеттери автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүүнү убактылуу токтотот.

Өткөрүү пункттары 6-апрелден тарта кадимкидей иштей баштайт.

Exit mobile version